10:08, 24 июня 2024, 24.kg

Евро-2024: Эки раунддан кийин суперкомпьютер жеңүүчүнү алдын ала атады

Opta Analyst компаниясынын статистикалык алгоритмдерине негизделген суперкомпьютери 2024-жылкы футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык этабынын эки раундунан кийин турнирдин жеңүүчүсүн алдын ала айтты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, учурда Франция курамасы үчүн жеңишке эң артыкчылыктуу мүмкүнчүлүк (18,86%) болууда. Ошондой эле алдыңкы үчтүктө турнир башталар алдындагыдай эле Германия (17,92%) жана Англия (16,68%) кирди.

Андан кийин Испания (14,28%) жана Португалия (11,4%). Башка командалардын мүмкүнчүлүгү 6% же андан азыраак деп бааланууда.

Эске сала кетсек, эки турдан кийин плей-оффко үч команда эрте өткөн: Германия, Испания жана Португалия — алар алтыдан упайга ээ болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18