22:45, 21 июня 2024, 24.kg

Айсулуу Тыныбекова Польшадагы рейтингдик мелдеште алтын утту

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык рейтингдик мелдешде алтын утту.

62 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны алгач польшалык, андан кийин канадалык спортчуларды мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан.

Финалда ал Париждеги Олимпиада оюндарында атаандаш боло турган германиялык Луиза Ниемеш менен беттешип, аны 4:1 эсебинде жеңип, алтын байгенин ээси болду.

Белгилей кетсек, рейтигдик мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18