21:04, 21 июня 2024, 24.kg

ЖРТ- 2024: Кыргызстанда эң жогорку упай 234тү түздү

Кыргызстандын абитуриенттери арасында 2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай 234тү түздү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку 234 упайга өлкөдөн үч окуучу татыктуу болгон.

Эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу — Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү — Максат Оморов жана Талас облусундагы «Мээрим-Себат» Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу — Элнура Эркинбекова алды.

«Алтын сертификат» алуу укугуна Бишкек шаарынан — 34, Чүй облусунан — 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан — 6, Жалал-Абад облусунан — 3, Нарын облусунан — 3, Талас облусунан — 2 жана Баткен облусунан — 1 окуучу ээ болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18