15:48, 21 июня 2024, 24.kg

Активисттер Өндүрүш Токтонасыровго айып пул төлөө үчүн 100 миң сом чогултушту

Активисттер Өндүрүш Токтонасыровго айып пул төлөө үчүн 100 миң сом чогулткан. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Эске сала кетсек, сот активисти Фейсбукка жазганы үчүн күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган. Өндүрүш Токтонасыров 5 миң сом пенсия алгандыктан, коомдук фонд акча чогултуу акциясын жарыялады.

Коомдук фонд «Соттук жараяны жүрүп жаткан убакта ал экинчи жолу инсульт алып, экинчи топтогу майып, кан басымы көтөрүлүп, угуусу начарлаган. Сот тарабынан салынган айып — адам көтөргүс жүк. Өндүруш байке адилетсиздик менен күрөшө албайт. Андыктан, келгиле бул айып пулду жабууга жана анын тынч жашоого мүмкүнчүлүк алууга биргелешип жардам берели», — деп жарыяланды.

Photo 335396

«Кылым шамы» 24 саатка жетпеген убакытта керектүү сумма чогултулуп, фонд чогултууну жаап жатканын билдирди.

«Маалыматты бөлүшкөн жана жардам көрсөткөндөрдүн баарына ырахмат. Сиздин боорукердигиңиз жана катышууңуз чоң өзгөрүүнү жаратат! Сиздин колдооңуздун аркасында Өндүрүш байке эми соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуудан коркпостон, айып пулду төлөй алат», — деп белгиледи коомдук фонд.

Эске салсак, 19-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду «Расалык, этностук, улуттук, диний, дин аралык кастыкты козутуу (жек көрүү)» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18