15:24, 21 июня 2024, 24.kg

Евро −2024: Экинчи команда плей-оффко чыкты

Испания курама командасы мөөнөтүнөн мурда футбол боюнча 2024-жылкы Европа чемпионатынын плей-офф баскычына өттү.

Бул «өлүм тобу» деп да аталган «В» тайпасынын экинчи турунда орун алган Италияны жеңгендиктин аркасында болду.

Эки раунддун жыйынтыгында испаниялыктар алты упайга ээ болуп, биринчи орунду камсыз кылышты. Биринчи беттеште Луис де ла Фуэнтенин командасы Хорватияны утуп (3:0), экинчи беттешинде Италиядан күчтүү (1:0) болгон.

Эске сала кетсек, турнир Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтүүдө. Буга чейин турнирдин кожоюну болгон Бундестем биринчи болуп плей-оффко мөөнөтүнөн мурда өтүүнү камсыздаган. Учурдагы Европа чемпиону Италия курамасы болуп саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18