12:06, 21 июня 2024, 24.kg

«Тазалыктын» абоненттик базасы 700 миңден ашты

«Тазалыктын» абоненттик базасы өткөн жылга салыштырмалуу 250 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Учурда шаар башчысы депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө маалымат берүүдө.

Анын айтымында, тазалык ишканасы тарабынан катуу калдыктар үчүн абоненттик базаны көбөйтүү жана башка ишканалардын кирешелерин көбөйтүү иштери жүрүп жатат.

«2024-жылдын 1-июнуна карата «Тазалык» муниципалдык ишканасынын абоненттик базасы 789 112 адамды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 250 миң адамга көбөйдү. Ал эми, чарба жүргүзүүчү субъектилер боюнча абоненттик база 15 052 чарба жүргүзүүчү субъектилер менен келишим түзүлүп, 4981 көбөйгөн",-деди калаа башчысы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18