11:47, 21 июня 2024, 24.kg

«Ак-Кула» мүлкүнөн түшкөн каражат курч социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.

Жыйында калаа башчысы муниципалдык менчикти сатуу боюнча аукцион 1,5 жылдан бери өткөрүлбөй, киреше түшпөгөнүн белгиледи.

«Биз бул механизимди иштетип, киреше бөлүгүн көбөйтүп баштадык. Бул жылга жергиликтүү бюджетти толуктоонун ири беренелеринин бири «Ак-Кула» ипподромунун жерин сатуунун эсебинен күтүлгөн киреше. Учурда аукционго коюлду, биз 37 жер тилкесине бөлүү менен сатып жатабыз. Биз бардык түшкөн акчаны шаардын курч социалдык жана турак жай коммуналдык көйгөйлөрүн чечүүгө жумшоону пландап жатабыз",-деп кошумчалады калаа башчысы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18