11:38, 21 июня 2024, 24.kg

Жунушалиев: «Башкы максатыбыз — кирешени көбөйтүү жана шаардын көйгөйүн чечүү»

Биздин башкы максатыбыз — кирешени көбөйтүү жана шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүү болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Учурда шаар башчысы Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берүүдө.

Анын айтымында, Бишкек шаары Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп, ички дүң продукциянын 40%ын камсыз кылып келет. Ушуга байланыштуу бул жылга кирешелерди чогултуу боюнча чоң план коюлган.

«2024-жылга биздин башкы максатыбыз — кирешени көбөйтүү жана шаардын көйгөйлүү маселелерин чечүү. Буга байланыштуу бул жылы кирешелерди чогултуу боюнча чоң план бар. 2024-жылдын бюджетинин консолидацияланган киреше бөлүгү, аймактык айылдарды эске алуу менен 2024-жылы 32,5 млрд сом киреше түшүүсү күтүлүүдө, ал 2023-жылга салыштырмалуу 10,6 млрд сомго көп.

Аткаруу боюнча 2024-жылдын 1-июнуна карата кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 7,2 млрд сомду түздү. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу иш жүзүндө түшүүлөр 23,4 пайызга жогорулады, башкача айтканда 1,4 млрд сомго көбүрөөк түштү»-деди Жунушалиев.

Ошондой эле калаа башчысы салыктык эмес кирешелерди 50% га көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18