16:29, 20 июня 2024, 24.kg

Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгондордун саны 900дөн ашканы айтылды

Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгондордун саны 900дөн ашты. Times of India басылмасы алардын 600дөн ашыгы египеттиктер экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабияда ажылык учурунда каза болгон жакындарын жана досторун издеп жатышат. Күндүн табы Меккеде 51,8 градус ысыктын астында буга чейин 900дөн ашуун адам каза болгон.

Бул адамдардын көбү катуу ысыктан каза болгонун жакындары социалдык тармактарда кабарлашты. Сауд Арабиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өтө жогорку температурада зыяратчылар арасында адаттан тыш өлүм учурлары аныктала элек.

Эске салсак, жыл сайын өтүүчү ажылык сапары быйыл 14-июнда башталып, 19-июнда аяктады. Сауд Арабиянын статистика департаментинин маалыматы боюнча, ажылыкка 1,8 миллион зыяратчы катышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18