15:53, 20 июня 2024, 24.kg

Эртең Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылат

Эртең, 21-июнда СССРдин жана Кыргыз эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Photo 335181

Белгилей кетсек, 2017-жылы «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанына Алмаз Кожегулов жасаган Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулган. Шаардыктар 3 миллион сом короткон скульптура менен актердун ортосунда эч кандай окшоштук таба алышкан жок. Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд жакындарынын жана эмгек сиңирген артисттердин пикирине таянып эстеликти чыгармачылык ийгиликсиз деп таап, жаңы скульптурага буйрутма берүүнү чечкен.

2019-жылы скульптура алынып, алар эстеликти алмаштырууну чечишкен. Андан соң коомдук фонд сынак жарыялап, анын жеңүүчүсү Азамат Абдрахманов болду.

СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган. Ал 1992-жылы дүйнөдөн кайткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18