14:24, 20 июня 2024, 24.kg

Садыр Жапаров: «Шамбесай кенинен алтын казылбайт»

Президент Садыр Жапаров Шамбесай кенинен алтын казылбай турганын билдирди. Маалыматты 24.kg агентигине өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Анын айтымында, президент Баткен облусунун Кадамжай районунда Шамбесай алтын кенин иштетүү боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Садыр Жапаров бул маселеге чекит коюлганын айттып: «Эми бул теманы унуталы», — деди.

Эске салсак, 2018-жылы Кадамжай районунун жергиликтүү тургундары митингге чыгып, Шамбесай алтын кенин иштетүүгө каршы чыгышкан. Алар алтын казуу экологияга зыян келтиргендиктен, кенди жабууну талап кылышкан. Анда инвестор Tiandi International Mining Co. Компаниясы болгон

Шамбесай кениндеги алтындын запасы 8 тонна деп бааланган. Кенде геологиялык чалгындоо иштери 2007-жылы башталып, 2012-жылы өндүрүшкө лицензия берилген. Ошондон бери лицензиянын ээлери бир нече жолу алмашкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18