13:53, 20 июня 2024, 24.kg

Бишкекте көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери башталды

Бишкек шаарынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы «Тазалык» ишканасы менен биргеликте Октябрь районундагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«Эски металл конструкциялардын ордуна эми заманбап LED экрандары коюлуп, шаардын көрүнүшүн жаңыча жана жагымдуу кылат», — деп белгиледи мэрия.

Учурда тургундарга ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн курулуштарды демонтаждоо иштери ыкчам жүрүп жатат.

Жарнамалык структураларды жаңылоо бул — Бишкекти заманбап жана ыңгайлуу борборго айландыруунун дагы бир кадам болуп саналат.

Бишкек мэриясы

 

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски көрнөк-жарнактарды 31-августка чейин толугу менен алмаштырууну тапшырган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18