12:23, 20 июня 2024, 24.kg

Баткенде зыяндуу чегирткелер жок кылынууда

Баткен облусунда талааларды зыянкеч чегирткелер каптады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, изилдөө иш-чараларынын негизинде 16100 гектар жерден зыянкеч марокко чегирткеси аныкталган. Учурда талааларды дарылоо иштери жүрүүдө.

Бул иштер Баткен районунун Рават, Кадамжай шаарынын Сары-Талаа, Кара-Жантак, Лейлек районун Кулуңду, Жаңы-Жер, Тогуз-Булак, Башкент айыл аймактарында аткарылды.

«Бүгүнкү күнгө карата 15 150 гектар жерге дары себилди. Натыйжада эгин талаалары зыянкечтерден сакталды», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18