16:40, 19 июня 2024, 24.kg

ЖК Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдерин мэриянын балансына өткөрүүнү колдоду

Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-июндагы жалпы жыйынында депутаттар Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБдерин мэриянын балансына өткөрүүнү колдошту.

Тиешелүү мыйзам долбоорун энергетика министри Таалайбек Ибраев сунуштады.

Ал белгилегендей, Президенттин «Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө» жарлыгы менен министрлер кабинетине Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБинин «Электр станциялары» ААК филиалдарын жылуулук менен камсыздоо объектилерин, «Бишкектеплосет» шаардык мэрияларга, ошондой эле «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү каралган.

Таалайбек Ибраев мыйзам долбоорунда «тиешелүү аймакты жылуулук менен камсыздоону уюштурууну» жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына кошуу жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардан чыгаруу сунушталып жатканын баса белгиледи.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карап, депутаттар аны биринчи окууда кабыл алышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18