13:38, 19 июня 2024, 24.kg

Муфтият ажылыкка кеткен кыргызстандыктар боюнча маалымат берди

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы ысыктан улам ажылык учурунда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирди.

Маалыматка ылайык, 6 миңден ашык кыргызстандык зыяратчы ажылык сапарда жүрөт.

«Ажылыкка кеткен кыргызстандык зыяратчылар 22-июндан тарта мекенибизге кайта башташат. Алардын алгачкы тобу Оштогу аэропортко келет. Быйылкы жылы 6060 жараныбыз Сауд Аравияда ажылык амалдарын аткарып жүрүшөт», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Сауд Аравиядагы ысыктан улам ажылык учурунда кеминде 550 зыяратчы каза болгондугун чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18