18:18, 18 июня 2024, 24.kg

Спорттун олимпиадалык түрү менен машыккан спортчулар киреше салыгынан бошотулат

Спорттун олимпиадалык түрлөрү менен машыккан спортчуларды алган сый акысы үчүн киреше салыгынан жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу сунушталууда. Бул тууралуу салык кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жактырды.

Ошондой эле камсыздандыруу төлөмдөрү эсептелбейт.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, бул президенттин «2024-2034-жылдарга футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында жасалып жатат.

Эскерте кетсек, учурда спорттун 40 түрү олимпиадалык болуп саналат: алардын 32си жайкы жана сегизөө кышкы спорт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18