17:45, 18 июня 2024, 24.kg

Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков стадиону оңдолуп жатат

Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Буга чейин спорт аянтчасынын трибуналары, оюн аянтчасы алынып, жарыктандыруу системалары өчүрүлүп, дубал жабуулары алынган.

Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы стадиондун аймагында да иштер жүрүп жатканын 24.kg агентигине билдирди. Трибуналардын астындагы кийим чечүүчү бөлмөлөр, душ жана санитардык бөлмөлөр оңдоп-түзөөгө даярдалууда. Демонтаждоо иштерин 50гө жакын жумушчу жана 15 даана атайын техника жүргүзүүдө. Мамкурулуш белгилегендей, реконструкциялоо иштерин 2024-жылдын сентябрынын башында бүтүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион өлкөдөгү эң чоң стадион болуп саналат, анда футбол боюнча улуттук курама команда өз үйүндө беттештерин жүргүзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18