16:15, 18 июня 2024, 24.kg

Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Алмамбет Шыкмаматов мамлекет башчынын жардамчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгонун 24.kg агенттигине президенттик аппараттан тастыкташты.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын сентябрынан тарта Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компанияны жетектеп келген. Буга чейин Юстиция министри, Өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси сыяктуу бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, парламенттеги «Ата Мекен» фракциясын жетектеген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18