10:16, 18 июня 2024, 24.kg

Жалал-Абадда селден өспүрүм бала каза таап, 300 түтүн көчүрүлдү

Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон топтолгон сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, селдин кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 20 куткаруучу, «Кыргызнефтегаз» ААКдан 8 кызматкер, 1 трактор, а/а 20 кызматкер, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, ИИМден 65 кызматкер, Медицина кызматынан 1 тез жардам бригадасы, Жарандык коргонуу кызматтарынан 15 кызматкер, 4 инженердик техника, жергиликтүү тургундардан 3 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал тартылган. Жеринде жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника иштеп жатат.

«Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну Э.Ж. атуу өспүрүмдү сел алып кеткен. Анын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 19:10до табылып, жакындарына беришкен.

Момбеков айыл аймагындагы сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар. Учурда эки айылдагы кооптуу болгон жалпы 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланды», — деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18