09:47, 18 июня 2024, 24.kg

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди

18-июнда саат 02:12 очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Арсланбаб айылынан түштүк-батышка карай 4 чакырым, Жай-Терек айылынан түндүккө карай 4 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түндүк-чыгышка карай 40 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу пункттарда жердин силкинүүсү Арсланбаб жана Жай-Терек айылдарында 4 балл, Чарбак, Кызыл-Үңкүр, Көк-Алма, Үч-Булак айылдарында 3,5 балл, Тоскоол, Бабаш-Ата, Каду, Көсө-Терек жана Жаз-Кечүү айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18