14:48, 14 июня 2024, 24.kg

Чоң атасы 18 жаштагы небересине бычак сайган деп шектелүүдө

Чүй облусунун Новопавловка айылында чоң атасы небересине бычак менен жарадар кылган. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 13-июнда болжол менен саат 17:00до болгон. Мас абалында болгон 68 жаштагы жаран 2006-жылы туулган небереси менен чырдаша кетип, ага бычак сайган. Анын айынан жаш бала ооруканага түшкөн.

Photo 334618

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары баланын чоң атасы К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18