10:39, 14 июня 2024, 24.kg

Кыргызстандыктар келаткан дүйшөмбү күнү эс алышат

Кыргызстандыктар дүйшөмбү, 17-июнда эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ай календары боюнча аныкталган Курман айт күнү расмий түрдө 16-июнь дем алыш (жекшемби) деп жарыяланган.

Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.

Демек, дүйшөмбү, 17-июнь, беш күндүк жана алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын мамлекеттик бюджеттен каржыланган кызматкерлери үчүн дем алыш күн болуп саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18