09:21, 14 июня 2024, 24.kg

Евро — 2024: Бүгүн Европа чемпионаты башталат

2024-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Мелдеште кожоюн өлкө катары Германия курама командасы да катышат. Немистер үчүн бул Европа чемпионаты катары менен 14-чемпионат болмокчу. Калган 23 жолдомо 53 команда катышкан квалификациялык турнир аркылуу ойнотулду. 20 команда түз негизги турнирге, дагы үчөө плей-офф аркылуу өттү. Финалдык этапта Сербия менен Грузия дебют жасашат.

Евро 2024 тайпасынын курамы

2023-жылдын 2-декабрында Гамбургда финалдык этаптын чүчү кулак ташы өткөн.

А тайпасы: Германия, Шотландия, Венгрия, Швейцария.

В тайпасы: Испания, Хорватия, Италия, Албания.

С тайпасы: Словения, Дания, Сербия, Англия.

D тайпасы: Польша, Нидерланды, Австрия, Франция.

Е тайпасы: Бельгия, Словакия, Румыния, Украина.

F тайпасы: Түркия, Грузия, Португалия, Чехия.

Эске салсак, Евро-2024 финалдык этабынын оюндары Германиянын он стадионунда өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18