14:18, 13 июня 2024, 24.kg

Ташиев таңкы 5те ишке чыккан кайгуул кызматкерине 100 миң берди

Photo 334348

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Патрулдук милициянын кызматкери Амангелди Көлбаевге сыйлык тапшырды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Амангелди Көлбаев таң эрте жол кыймылын көзөмөлгө алып турган. Аны ишке бара жаткан Камчыбек Ташиев саат 05:30дар чамасында көрүп, жолдо андан башка кайгуул кызматкерин жолуктурган эмес.

«Ар бир мамлекеттик кызматкер Кыргызстан үчүн берилгендик менен, ар бир саатын кызмат үчүн арнап, талыкпай эмгек кылууга милдеттүү»- деди Ташиев.

Сержант дароо УКМКга чакырылып, ага 100 миң сом сыйлык тапшырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18