13:37, 13 июня 2024, 24.kg

Кайда окуу керек? Улуттук изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча алдыңкы 20 университет

Кыргызстанда бүтүрүүчүлөр үчүн Бүткүл республикалык тестирлөөнүн экинчи жана үчүнчү этаптары аяктады. 21-23-июнга чейин жүйөлүү себептер менен ЖРТга катышпай калгандар үчүн кечирээк тестирлөө жүргүзүлөт. Азыр көптөгөн абитуриенттер үчүн окууга кайда барарын тандоо маселеси алдында турат.

Жакында республикада биринчи улуттук изилдөө жүргүзүлүп, жогорку окуу жайларынын рейтинги түзүлдү. Жыйынтыгын Билим берүү жана илим министрлиги сунуштады.

Университеттер алты критерий боюнча бааланды. Рейтингдеги жети лидердин катарына өзгөчө статуска ээ алтоо — КММА, КМТУ, КУАУ, КУУ, КРСУ, ОшМУ кирди. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 461,56 упай топтоп, биринчи орунду ээледи.

Изилдөөгө өлкөнүн жалпысынан 27 университети катышты.

Photo 334344

Белгилей кетсек, рейтингди түзүү иштери 2023-жылдын октябрында башталган. 2024-жылдын январынан бери EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1 миң 1 мугалим жана 507 иш берүүчү катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18