Акылбек Жапаров ЖК административдик-аймактык реформанын ишке ашырылышын айтты
«Реформага баруу эбак эле бышып жеткенине карабастан, канча жылдан бери ишке ашпай келе жаткан. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү биз үчүн жеңил болгон жок. Идеалдуу реформа кылуу кыйын, бир топ маселелер дагы да бар, биз бара-бара түздөйбүз», — деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 13-июнда парламенттин жалпы жыйынында.
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча баяндамасында ал, реформанын максаты айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү. Бул финансылык жана кадрдык ресурстарды натыйжалуу башкарууга жана пайдаланууга алып келет. Эгер буга чейин өлкөдө 452 айыл аймак болсо, административдик-аймактык реформанын жыйынтыгында алардын саны 235ти түзөөрүн белгиледи.
Ошондой эле 1990-жылдан бери карай ушуга чейин 40 район, 32 шаар, 452 айыл аймагы пайда болуп, анын 62си — бир айылдан турган айыл аймактар, ошол эле учурда 10дон 20га чейин айылдын башын кошкон, элинин саны