11:51, 13 июня 2024, 24.kg

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран казууга уруксат берди

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун 70 депутат колдоп, 8 депутат каршы добуш беришти.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенинен титаномагнетитти өндүрүү негизги максат экенин айтты.

Эске салсак, документ 2019-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18