18:31, 12 июня 2024, 24.kg

Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

Полотова Жылдыз Арстанбековна мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жылдыз Полотова акыркы төрт жылдан бери эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде орун басар болуп иштеп келген.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова башка ишке өткөнүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18