15:33, 12 июня 2024, 24.kg

Президент журналисттер үчүн жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысын уюштурду

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысын уюштуруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. КР президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысы уюштурулсун.

2. КР президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуу боюнча үч айлык мөөнөттө президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитсин.

4. КР президентинин Иш башкармасы президенттин фондунан президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысынуюштуруу боюнча байге фондун түзүү жана башка чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды карасын.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18