14:28, 12 июня 2024, 24.kg

Бишкекте боор алмаштырган бейтаптардын абалы туруктуу

Бишкектеги боорун алмаштырган бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, байкоо жана дарылоо уланууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда боорду бекер алмаштыруу боюнча алгачкы эки операция кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалган. Операцияларды жасоо үчүн Түркиядан ректор, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган Инөнү университетинин клиникасынын (Малатия) трансплантологдор тобу учуп келген.

Операцияларга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган топтор катышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18