12:21, 12 июня 2024, 24.kg

ЖК төрагасы депутаттарды чет өлкөлүк сапарларга чыкпай турууга чакырды

Бүгүн, 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттардын чет өлкөгө болчу сапарларына чектөө коюлганын айтты.

Төрага депутаттарды Жогорку Кеңештин жалпы жыйындарына активдүү катышуунусун суранды.

«Бүгүн күнү эсепке албаганда Жогорку Кеңештин сессиясынын аякташына 5 пленардык жыйын калды. Анда өлкө үчүн маанилүү кабыл алынчу мыйзам долбоорлор, документтер бар. Алдын ала айтып коеюн, дүйшөмбүдөн баштап бардык чет өлкөлүк сапарларга чектөө коюлду. Өтө маанилүү бир-экөө эле болбосо бардыгын токтотобуз», — деди Шакиев.

Эске салсак, парламент 1-июлдан тарта жайкы эс алууга чыгып, 1-сентябрдан тарта ишке киришет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18