11:49, 12 июня 2024, 24.kg

«Алтын балалык» борборунда 1,6 миң балага эс алуу уюштурулду

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо реабилитациялык борборунда аймактардан келген окуучулардын эс алуусу уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР президентинин Иш башкармалыгы менен биргеликте балдардын бош убактысын ден соолугун чыңдоо менен өткөрүү пландаштырган. Буга министрликтин багыты боюнча 1 585 бала эс алууга барат.

Биринчи агым менен 10-24-июнь аралагында 800 бала жана аларды коштоп жүргөн адамдар үчүн жатакана, тамак-аш, оюн-зоок программалары, ар кандай ийримдерде билим алуу камсыз кылынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18