09:45, 12 июня 2024, 24.kg

Орусия Кыргызстанга 121,4 тонна азык-түлүк берди

Орусия Кыргызстанга 121,4 тонна азык-түлүк берди. Гуманитардык жардам Россия Федерациясы тарабынан өлкөнүн түштүгүндөгү калкка акысыз берилди. Бул тууралуу Россиянын КРдагы элчилигинин Telegram-каналында жазылууда.

Маалыматка ылайык, Орусиядан Ош шаарына жалпы көлөмү 121,4 тонна өсүмдүк майы түрүндөгү азык-түлүк жардамынын кезектеги партиясы келген. Гуманитардык жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия Федерациясы тарабынан өлкөнүн түштүгүндөгү калкка бекер берилген.

Азык-түлүк жеткирүүгө Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун өкүлдөрү катышкан.

Эске салсак, бул БУУнун жардам иретинде Орусиядан Кыргызстанга жеткирилген азык-түлүктүн биринчи партиясы эмес. Апрель айында республикага Россия Федерациясынан 337,5 тонна байытылган уну, 60,7 тонна өсүмдук майы жөнөтүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18