08:35, 12 июня 2024, 24.kg

Сүйүнчү! «Акшумкарлар» Азия кубогуна чыкты

Кыргызстандын футбол курамасынын Оман менен беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул оюн тандоо турунун алкагындагы соңку беттеш болду.

Оюн Омандын Маскат шаарында өттү. Беттештеги биринчи голду Кыргызстандын курамасы киргизди: 19-мүнөттө Элдияр Зарыпбеков эсепти ачты. Оюндун биринчи бөлүгү 1:0 эсебинде аяктады.

Омандын курамасы беттештин экинчи бөлүгүндө — 59-мүнөттө гана гол киргизип, эсепти теңей алды. Оюн аяктаганга чейин эсеп өзгөргөн жок.

Тандоо ондарынын алкагында өз эсебинде жалпы 11 упай жыйнаган Кыргызстандын курамасы D тайпасында экинчи орунга жайгашып, Азия кубогуна жолдомо алды

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18