19:41, 11 июня 2024, 24.kg

12-июнга карата аба ырайы

Эртең, 12-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21, күндүз 29...34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 32...37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 19...21°, күндүз 32...34° ысыйт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18