18:15, 11 июня 2024, 24.kg

Бишкекте боору алмаштырылган бейтаптын абалы айтылды

Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясын жасаткан бейтаптын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев күн мурун боорун алмаштырылган бейтаптын абалы менен таанышты. Учурда бейтаптын жана донордун абалы туруктуу деп бааланууда.

Кыргыз-түрк достугу ооруканасында ушу тапта 50 жаштагы аялдын боорун алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалууда. Ага кызы донор болуп жатат.

Кыргызстандык дарыгерлерге түркиялык адистер көмөктөшүүдө.

Белгилей кетсек, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз-түрк достугу ооруканасында боор алмаштыруу операциясы жасалууда. Операцияга кеткен чыгымдардын баары КР президентинин фондунан каржыланып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18