18:04, 11 июня 2024, 24.kg

Кыргызстанда ЖОЖдордун рейтинги: Алдыңкы ондугу аныкталды

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын Улуттук рейтингин түзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Мындай изилдөө Кыргызстанда биринчи жолу жүргүзүлдү.

Университеттер 6 критерий боюнча бааланган:

Академиялык репутация;

Иш берүүнү баалоо;

Окутуунун сапаты;

Science Citation Index;

Чет өлкөлүк мугалимдердин катышы;

Чет өлкөлүк студенттердин катышы.

Рейтингдин алдыңкы 10 сабын ээлегендер:

1) Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы — 461,56 упай.

2) Эл аралык «Ала-Тоо» университети — 453,58 упай.

3) Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 436,74 упай .

4) ОшМУ — 415,84 упай.

5) Кыргыз-Орус Славян университети — 412,74 упай.

6) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — 404,36 упай.

7) К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети — 403,54 упай .

8) Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — 352,92 упай.

9) Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети — 324,3 упай.

10) Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети — 318,12 упай .

Изилдөөгө жалпысынан 27 университет катышты. Ар бир критерий боюнча университеттердин рейтинги менен https://rating.kg/rating/about-overall-rating сайтынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, рейтингди түзүү иштери 2023-жылдын октябрында башталган. 2024-жылдын январынан бери EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1 миң 1 мугалим жана 507 иш берүүчү катышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18