Бекболот Жаналиев Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Жаналиев Бекболот Болотбекович Чүй облустук сотунун төрагасынын кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Тиешелүү буйрукка Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кол койду.