13:22, 11 июня 2024, 24.kg

Бишкекте «Мектептер-2030» глобалдык форуму өтүүдө

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Мектептер-2030» глобалдык форуму өтүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги жана Ага Хан Фонду тарабынан уюштурулган форумдун максаты окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүүнү жакшыртуу жана билим берүү системасын күчтөндүрүү болуп саналат.

Форумга 35 өлкөдөн жалпы 250дөн ашык делегаттар катышууда.

Анын алкагында мугалимдер, мектеп жетекчилери, жарандык активисттер, эл аралык уюмдар, донорлор жана мамлекеттик органдардын ортосунда талкуулар жүргүзүлөт.

Глобалдык форум бардык катышуучулардын ортосунда билим берүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн аянтча болмокчу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18