13:18, 11 июня 2024, 24.kg

Бишкекте экинчи бейтапка боор алмаштыруу операциясы жасалууда

Бишкекте дагы бир бейтапка боор алмаштыруу операциясы жасалууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында өтүп жатат. Кыргызстандык дарыгерлерге түркиялык адистер көмөктөшүүдө.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан», — деп билдирди.

Эске салсак, күн мурун Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. 9 саатка созулган операциядан кийин бейтаптын жана донордун абалы туруктуу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18