09:13, 11 июня 2024, 24.kg

Кыргызстанда боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады

Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жаткан боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооперация 8-9 саатка созулуп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу.

«Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан», — деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз-түрк достугу ооруканасында боор алмаштыруу операциясы жасалууда. Операцияга кеткен чыгымдардын баары КР президентинин фондунан каржыланып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18