17:43, 10 июня 2024, 24.kg

Бөтөлкөлөшүн сабап өлтүргөн киши кармалды

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда бөтөлкөлөшүн сабап өлтүргөн эркек кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Ак-Ордо конушундагы үйлөрдүн биринен зомбулуктан каза болгон адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Photo 334068

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон жарандын өздүгү такташканда ал 1980-жылы туулган Ж.Б. болуп чыккан. Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү менен маркум бирге спирт ичимдиктерин ичип отуруп, уруша кетишкен. Натыйжада кылмышка шектүү жаран Ж.Б.ны сабап, андан кийин ал каза болуп калган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18