14:39, 10 июня 2024, 24.kg

Кыргызстанга тооктун жумурткасын алып кирүүгө тыюу салынды

Кыргызстан өз аймагына тооктун жумурткасын алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу «Токтом» укуктук маалымат порталында маалымдалды.

Министрлер кабинети 2024-жылдын 5-июнунда токтом кабыл алган. Ал расмий жарыялангандан үч күндөн кийин күчүнө кирди.

Документ өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, азык-түлүк товарларына рыноктук бааны турукташтыруу жана ички рыноктун талаптагыдай иштешин камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Буга чейин Суу жана айыл чарба министрлиги жергиликтүү өндүрүш рыноктун суроо-талабын толугу менен жабат, ошондуктан импортко муктаждык жок экенин белгилеген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18