12:04, 10 июня 2024, 24.kg

«Токтогул» футбол клубуна кичи автобус белекке берилди

Спортчулар Камчыбек Ташиевге кайрылгандан кийин «Токтогул» футбол клубуна кичи автобус берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Токтогул шаарында клубдун өкүлдөрү менен жолугуп, анда алар кичиавтобус бөлүп берүү өтүнүчүн айтышкан.

Камчыбек Ташиев бул өтүнүчтү жеке көзөмөлүнө алып, кыска мөөнөттө клубга транспорт берүү тапшырмасын берди.

Автобусту тапшыруу аземи Кыргызстандын Улуттук лигасынын 6 — турунун алкагындагы «Токтогул» — «Базар-Коргон» клубдарынын беттешинин алдында өттү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун «Токтогул» футбол клубу КР Улуттук лигасынын командаларынын арасындагы чемпионаттын катышуучусу жана «Б» зонасындагы лидерлердин бири болуп саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18