10:46, 10 июня 2024, 24.kg

Токтогон Алтыбасарованын жүз жылдыгы. Ысык-Көлдө эстелиги ачылды

Ысык-Көлдө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында блокадага кабылган Ленинграддан 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованын эстелиги ачылды. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Түп районундагы Ак-Булуң айылында өткөн иш-чаранын башталышы Токтогон Алтыбасарованын эстелигине гүлчамбар коюу жана бир мүнөт унчукпай туруу менен ачылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов келген коноктордун алдында сөз сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда блокадада калган Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы өз камкордугуна алган Токтогон Алтыбасарованын салымы зор экендигин белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен аяктады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18