09:27, 10 июня 2024, 24.kg

Акылбек Жапаров иш сапары менен Австрияга барды. Эмнелер талкууланат?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Австриянын Вена шаарына келди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жумушчу сапарынын алкагында өкмөт башчысы Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат.

Талкуунун негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болмокчу.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы форумда өлкөнүн презентациясы менен чыгып, республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик сессияларга катышат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, атап айтканда Австриянын европалык жана эл аралык иштер федералдык министри Александр Шалленберг жана Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушат.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле европалык гидроэнергетикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18