12:22, 07 июня 2024, 24.kg

Ысык-Көлдө эл аралык туристтик форум ачылды

Ысык-Көлдө быйылкы Эл аралык туристтик форум ачылды. Курорттор ассоциациясынын тең төрагасы Азамат Жаманкулов төрт өлкөдөн — Кытайдан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан чет элдик коноктордун катышуусу күтүлүп жатканын билдирди. Алар ийгиликтүү долбоорлор менен бөлүшүп, пикир алмашып, туризмди жайылтуу боюнча сүйлөшүшөт.

Photo 333756

"Бул аянтча көбүрөөк туристтик бизнестин өкүлдөрү үчүн уюштурууда. Биз туризм, системаны автоматташтыруу, өлкөнүн маркетинги жана брендин, аймактарды өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн актуалдуу темаларын талкуулайбыз",-деди Азамат Жаманкулов.

Форумдун жыйынтыгында биргелешкен долбоорлорго кол коюлуп, резолюция кабыл алынышы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, иш-чара салттуу Ысык-Көл эл аралык туристтик жарманкесинин алкагында өтүүдө. Эртең, 8-июнда форум Рух-Ордодо уланат. Туристтик сезондун расмий ачылышы да болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18