12:01, 07 июня 2024, 24.kg

Садыр Жапаров «Ак шумкарларга» автобус белек кылды

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасына автобус белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 6-июнда, Кыргызстандын Малайзиянын курама командаларынын ортосунда беттеш болуп өттү.

Оюндун жыйынтыгында Мамлекет башчысы футболчулар менен жолугушуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырды.

Президент Садыр Жапаров өлкө алдыдагы Оман курама командасы менен боло турган оюндан жеңиш күтүп жатканын белгилеп, эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18