08:54, 07 июня 2024, 24.kg

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун каржылоо такталды

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун каржылоо, куруу, эксплуатациялоо жана тейлөөнү тактаган макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Пекинде өттү. Бул документ «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендик экени жана проектти аяктоого бекем негиз болору белгиленди.

Анда темир жол Кыргызстандын аймагында Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

Курулуш Кытай менен Борбор Азияны байланыштырып, Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорт каттамдарын ачат деп күтүлүүдө. Муну менен Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланары айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18