23:14, 06 июня 2024, 24.kg

Кыргызстан-Малайзия беттеши тең чыгуу менен аяктады

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан — Малайзия футбол беттеши 1:1 эсебинде аяктады.

Оюндун биринчи таймында Кыргызстан үчүн алгачкы голду 24-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизди. Тилекке каршы 38-мүнөттө Кыргызстандын дарбазасына автогол кирип, эсеп теңелди.

Оюндун экинчи бөлүгүндө гол кирген жок. Оюнга президент Садыр Жапаров жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев күйөрмандык кылышты. Беттешти 15 миңге жакын күйөрман кыргыз футболчуларын сүрөөгө келишкен.

Белгилей кетсек, аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өтүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18